Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 21:53

Жарандык активисттер судья Воронцованы ишин тапшырууга чакырышууда


Ирина Воронцова Жогорку соттун судьялыгына талапкерлиги каралып жаткан учурда. 23-май, 2018-жыл.

Социалдык тармактарда жарыяланган кайрылууда жарандык активисттер 23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына өткөрбөй койгон талапкерлердин бири Ирина Воронцованы мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып берүүгө чакырышты. Кайрылуу ээлери "Воронцова бийликтин камчысын чаап, буйругун аткарган сот катары өзүн көрсөттү, мындан ары сотто иштөөгө моралдык укугу жок" деп белгилешкен.

Ирина Воронцованын Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин президент колдогон. Бирок 23-майда Жогорку Кеңештеги 91 депутат анын талапкерлигине каршы добуш берген. Ирина Воронцова коомчулукка мурунку башкы прокурор Аида Салянованын сотунда соттук коллегияга төрагалык кылганы менен таанылган. Сот жараяны учурунда Салянованын адвокаттары бир нече жолу ага ишенбестик көрсөтүп, бирок алардын бардык өтүнүчтөрү четке кагылган. Ал Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сот иштерин кароого да катышкан.

Ирина Воронцова учурда Бишкек шаардык сотунун төрайымы. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG