Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Канатбек Исаевдин сотунда тараптар жарыш сөзгө чыгышты


Канатбек Исаевдин сотунда.
Канатбек Исаевдин сотунда.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы иши боюнча отурум 24-майда Бишкек шаардык сотунда уланды. Исаевдин жубайы Жамиля Исаеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бүгүнкү соттук жараянда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Айыпталуучу Канатбек Исаев өзүнө тагылып жаткан айыпты четке кагып, базар курулган жер мэриянын менчигинде экенин, ал жерге муниципалдык базар курулмак болгонун айткан. Анын сөзүнө караганда бул базардан мэрия пайда гана көрмөк. "Анткени базар салыш үчүн инвесторго жер берип, мэрия андан түшүүчү пайданын 30% үлүшүнө ээ болмок", деди Исаев.

Бул иш боюнча соттук териштирүү 31-майда уланат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") алкагында кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

УКМК "Кыргызстан" партиясынын парламенттеги депутаты Канатбек Исаевди былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга депутат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген негизде Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.

Исаевдин жакындары аны камакка алууда саясий негиз бар экенин айтып, депутатты коргоо комитети да түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG