Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Темир жолдогу айрым поезд коштоочулар коррупция маселесин көтөрүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамындагы бир нече поезд коштоочулар мекеменин жетекчилери рейске билетсиз жүргүнчүлөрдү салып жатканын айтып чыгышты. Алардын сөзүнө караганда, кассада "Москвага билет 14 миң сом" деп турганы менен жетекчилери ортомчулар менен сүйлөшүп, билетсиз жүргүнчүлөрдү эки эсе арзан баа менен поездге салышат. Ошондой эле Бишкек-Москва рейсинин "Азаттыкка" кайрылган поезд коштоочулары "билетсиз жүргүнчү салмай Казакстан менен Орусиянын станцияларында да улантылат" дешет. Арызданган коштоочулардын бири Бурул Кыргызбаева "Бишкектен Москвага жөнөгөн бир рейсте билетсиз жүргөндөр адамдардын саны орто эсеп менен 50дөн 200гө чейин, айрым учурда 400гө чейин жетет" деди.

Ал эми дагы бир поезд коштоочу Алия Асанбаева бул маселени айтып чыккан кызматкерлерге жетекчилик кысым көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, кесиптештери тармактын жетекчилигине, ички органдарына кайрылган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Бул тууралуу телефон аркылуу комментарий сураганыбызда "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев билетсиз жүргүнчү ташууну далилдеген эч кандай факты жок экенин жана мындай маселе көтөргөн кызматкерлер жөнүндө билбей турганын кыскача билдирди.

Мамлекеттик "Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезддери Бишкек-Москва багыты боюнча айына 7-8 жолу каттайт. Бирок бир каттамда канча жүргүнчү билет алып, канча жүргүнчү жолго чыгаарын, поездде канча жүргүнчүгө орун бар экенин жана башка маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG