Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Багдадда жанкечтинин жардыруусунан төрт киши курман болду


Жанкечти өзүн жардырган Ал-Шула району. 24-май, 2018-жыл.
Жанкечти өзүн жардырган Ал-Шула району. 24-май, 2018-жыл.

Кандуу окуя бүгүн таңга маал болду. Жергиликтүү медиа жана коопсуздук кызматтары кабарлагандай, жанкечти Багдаддын түндүк-батышындагы ал-Шула районундагы парктын сыртында өзүн жардырып жиберген. Анын айынан кеминде төрт адам, анын ичинде бир полиция кызматкери мерт болуп, он беш киши жаракат алды.

Полиция жанкечтини паркка киргизбей токтотуп калууга үлгүргөн. Жанкечтинин аракети үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. (UE)

XS
SM
MD
LG