Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө сүйлөп жатып ушундай пикирин билдирди:
- Чындыгында Салянова азыр жок жерден соттолуп жатат. Мен кылмыш иши менен тааныштыгым жок, бирок маалымат каражаттарында жазылганына ишенсек, Салянованын күнөөсү жок. Себеби ал милдеттүү түрдө адвокаттык лицензияны узартып берүүгө тийиш эле. Эгер узартпай койсо - анда аны "кызмат абалынан аша чапты" деп кылмыш жоопкерчилигине тартса болот эле. Бул жерде соттордун өзүнүн чечими деп түшүндүм. Мурдагыдай аларга жогору жактан көрсөтмө берилген жок деп ишенем.
Курманкул Зулушев "президенттин сотторго аралашпаганын 23-майда Жогорку соттун судьяларын тандоо жараяны да көрсөттү" деди.
22-май күнү Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин карап, мурунку сот инстанцияларынын өкүмүн күчүндө калтырган. Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган.
"2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.
Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. (ZKo)