Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Аутист балдар жана ата-энелери үчүн “Эс алуу” программасы аяктоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Колдон колго” реабилитация борборунда аутист балдар жана алардын ата-энелери үчүн “Эс алуу” долбоору 2017-жылдын декабрынан бери иштеп келатат. Бул долбоорду ыктыярчылар ишке ашырып, аутист балдарды бир нече саатка карап туруу милдетин алышкан.

“Эс алуу” программасына буга чейин 40 бала тартылды. Аларды ата-энелери бир нече саатка калтырып, өз иштери менен алек болушту. Реабилитациялык борбордун өкүлү Чолпон Узакбаева аутист балдарды бала бакчалар, мектептер албагандыктан, аптасына 2-4 сааттык адистердин көзөмөлүндөгү эс алуу балдар үчүн пайдалуу болгонун белгилейт.

Долбоор 1-июнь - Балдарды коргоо күнү аяктайт. (BCh)

XS
SM
MD
LG