Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Түптө баласынан токмок жеген киши көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Түп районунун Корумду айылынын 24 жаштагы тургуну 49 жаштагы атасын сабаган. Атасы алган жаракатынан улам оор абалда 21-май күнү Түп райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал өзүнө келе албай 23-май күнү көз жумган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү") боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү баласы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG