Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

БУУнун баш катчысы “Хезболланы” куралсызданууга чакырды


"Хезболланын" лидери Саид Хассан Насралла (оңдо) Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 8-ноябрь, 2016-жыл.
"Хезболланын" лидери Саид Хассан Насралла (оңдо) Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 8-ноябрь, 2016-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңешине баяндама жөнөттү. Анда ал “Ливан өкмөтү көзөмөлдөбөгөн олуттуу жана татаал аскердик кубатка “Хезболла” ээ болуп жатканына" терең тынчсыздануусун билдирген. Коопсуздук кеңеши Гутеррештин баяндамасын 24-майда талкуулайт.

БУУнун баш катчысы шииттердин бул кыймылын куралсызданууга, Ливандын өзүндөгү, Сириядагы жана башка жерлердеги аскердик аракеттерин токтотууга, Коопсуздук кеңешинин 2004-жылдагы резолюциясын сактоого чакырган.

Иран колдогон “Хезболла” - Ливандын саясатында маанилүү роль ойногон уюм, ошондой эле Сириядагы кагылышууга аралашкан аскердик да топ болуп эсептелет.

Ливанда ушул айдын башында өткөн шайлоодо да “Хезболланын” өнөктөштөрү алдыга чыгып, бул кыймылдын саясий үстөмдүгүн бекемдеген.

Өткөн аптада Кошмо Штаттар менен анын Перс булуңундагы өнөктөштөрү: Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Бириккен Араб Эмираттары “Хезболланын” башчыларына каршы жаңы санкцияларды киргизишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG