Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

ИИМ: 1400 ашык сыйлык куралы берилген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламенттеги жыйында билдирди. Анын айтымында ушул күнгө чейин “Курал жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, башка өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине 1435 курал сыйлыкка берилген. Бирок эки жылдан бери эч кимге мындай сыйлык бериле элек.

Депутат Аалы Карашев чет өлкөлүктөргө сыйлыкка тапанча берүүнү көзөмөлгө алыш керек экенин билдирди. Учурда парламентте Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдө курал алып жүрүү боюнча мыйзам доолбоору талкууланып жатат.

Кыргызстандын “Курал жөнүндөгү” мыйзамы башка өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине куралды сыйлыкка берүүгө уруксат берет. Ок атуучу куралды сыйлыкка берүүгө президент, өкмөт башчы жана парламент спикери укуктуу. Сыйлык катары берилүүчү ок атуучу курал болуп негизинен тапанча жана мергенчилик мылтыгы эсептелет. (TSh)

XS
SM
MD
LG