Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Эл аралык иликтөө: Малайзия учагына тийген ракета Орусиядан келген


Амстердам - Куала-Лумпур MH17 каттамын аткарган учактын сыныктары табылып жаткан учур. 18-ноябрь, 2014-жыл.
Амстердам - Куала-Лумпур MH17 каттамын аткарган учактын сыныктары табылып жаткан учур. 18-ноябрь, 2014-жыл.

Эл аралык иликтөө тобу "Украинанын аба мейкиндигинде 2014-жылы Малайзиянын жүргүнчү учагын атууда колдонулган “Бук” ракеталык системасы Орусиянын №53 зениттик-ракеталык бригадасынан келген" деген тыянагын жарыялады.

Курамына Австралиянын, Бельгиянын, Малайзиянын, Нидерландынын жана Украинананын бийлик адамдары кирген биргелешкен иликтөө тобу мындай бүтүмүн бүгүн Нидерланддын Утрехт шаарындагы басма сөз жыйынында айтып чыкты.

Малайзиянын Амстредам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

Буга чейин Британиядагы “Беллингсат” уюму да учакка тийген ракета Орусиядан келгенин ачык булактардын негизинде аныктаган болчу.

Орусия жана Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилер Малайзиянын учагын алар атып түшүргөнү тууралуу маалыматтарды төгүндөп, бул кырсыктын башка бир нече версияларын билдиришкен. Бирок алардын баарын эл аралык иликтөөчүлөр четке кагышкан.

Малайзиялык жүргүнчү учак “Бук” ракеталык системасынан Донецктин жикчилер көзөмөлдөгөн аймагынан атылганын эл аралык иликтөө тобу 2016-жылы эле аныктаган.

Андагы баяндамада “Бук” системасы Украинага Краснодон аркылуу киргизилип, учак атып түшүрүлгөндөн кийин кайра дароо эле артка алынып кеткени көргөзүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG