24-майда парламенттин 63 депутаты “Бешинчи каналдын” статусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берди.
Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик "Бешинчи каналды" "парламенттик канал" деген статусунан ажыратып, сатыкка чыгарууну сунуш кылган. 5-чакырылыштагы парламент "Бешинчи каналдын" статусун "парламенттик канал" кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзамды колдоп берген. Бекешевдин айтымында, саясатка жана бир топ документтерге байланыштуу бул мыйзам толук аткарылган эмес.
Учурда "Бешинчи каналдын" жалпы карызы 85 млн. сом. Мамлекетке өткөрүлгөн учурда анын карызы 25 млн. сом болгон.
"Бешинчи канал" 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. Малеваная ошол кездеги президенттин катчылыгынын башчысы болуп кеткенден кийин каналды Евгения Бердникова жетектеп келди.
2011-жылы аны парламенттик каналга айландыруу аракетинде экс-президент Роза Отунбаеванын каршылыгына карабай депутаттардын көпчүлүк добушу менен "Бешинчи канал" мамлекеттин карамагына өткөн. Кийин "бюджетке жүк болуп жатат" деген негизде "Бешинчи канал" менен кошо мамлекетке өткөрүлгөн мүлктүн катарындагы "Пирамида" каналын сатуу маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн.
Эки телеканал тең кагаз жүзүндө "парламенттик" деп саналганы менен ушул тапта "Пирамида" гана Жогорку Кеңештин жыйындарын чагылдырат. (TSh)