Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:08

Тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттен 1,5 млрд. сом бөлүнгөн


Мамлекеттик тарых музейи.
Мамлекеттик тарых музейи.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Ага ылайык, Мамлекеттик тарых музейине мамлекеттен жалпысынан 1,5 млрд. сом бөлүнгөн. Анын 700,0 млн. сому оңдоп-түзөө иштерине, 864,4 млн. сому экспонаттарды коюуга, жабдыктарды оңдоого арналган.

Буга чейин парламентеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов музейди оңдоп-түзөө иштеринде баалар жогору көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтар бар экенин айтып чыккан. Ага байланыштуу фракция 25-майда Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштериндеги баалар боюнча көчмө жыйын өткөрөт.

Мамлекеттик тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейди жаңылоо эки этап менен жүрөрүн кабарлаган. Алгач Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (TİKA) музей имаратынын баарын ремонттоп бермекчи болуп, кийин жарым-жартылайын оңдоого гана көмөк көрсөткөн. Калганын Кыргызстан өзү оңдоп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG