Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

“Алга” клубу футболдогу мушташ үчүн 50 миң сом айыппул төлөйт


Оюнчулар стадиондо бири бирине муштум кезеген кез. "Алай" сары-кара, "Алга" ак-кызыл кийимчен.
Оюнчулар стадиондо бири бирине муштум кезеген кез. "Алай" сары-кара, "Алга" ак-кызыл кийимчен.

Кыргызстандын футбол федерациясынын дисциплинардык комитети 20-майда Кант шаарында болгон, футболчулар аралашкан мушташ боюнча 23-майда жыйын өткөрдү.

Кыргызстандын Футбол лигасынын 24-майда тараткан маалыматына караганда “Алга” жана “Алай” футбол клубдарынын өкүлдөрүнүн жүйөлөрүн угуп, материалдарын карагандан кийин комитет Дисциплинардык кодекске ылайык чечим чыгарды. Чечимге ылайык: “Алга” клубу коомдук тартипти сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн 50 миң сом айып төлөйт. “Алай” клубунун оюнчусу Алиа Силла 10 оюнга дисквалификацияланды. Андан сырткары оюндун комиссары А.В.Ситоленко үч оюнду тейлөө милдетинен четтетилди.

Оштун "Алай" жана Бишкектин "Алга" командаларынын оюнчуларынын ортосундагы мушташ экени айтылган видео Интернетке 20-майда тараган. Ондогон кишилердин жапырт жаңжалы Канттагы футбол аянтынын жанында эки клубдун беттешинен соң болгон. Социалдык тармактарда “Алай” клубунун эки оюнчусунун мурду канжалап, бети шишиген сүрөтү жарыяланган. Өз кезегинде “Алга” клубу мушташка катышкандардын клубга тиешеси жок экенин маалымдаган. (ECh).

XS
SM
MD
LG