Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Түндүк Корея: өзөктүк полигон “толук бузулду”


Түндүк Кореянын Пунгери өзөктүк сыноо полигонунун жандоочтон тартылган сүрөтү. 14-май, 2018-жыл.
Түндүк Кореянын Пунгери өзөктүк сыноо полигонунун жандоочтон тартылган сүрөтү. 14-май, 2018-жыл.

Мындай билдирүүнү бүгүн Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги таратты. Анын маалыматына караганда, сыноо жүргүзүлүүчү жай “өзөктүк сыноо улантылбай жатканы тууралуу ачык-айкындыкты камсыз кылыш” үчүн “толугу менен бузулду”.

Өлкөнүн түндүк-чыгышына Пхеньян кеминде алты өзөктүк сыноо өткөргөн Пунгери полигонунун бузулушуна эркин эксперттер катыштырылган жок.

Бирок ал аймакка барган чет элдик журналисттер бир катар жардыруулардын добушун угушканын билдиришти.

Пунгери полигонунан кабары бар чет элдик окумуштуулардын айтымында, Мантап деген тоонун түбүнөн казылган бир нече туннелдери бар өзөктүк жай былтыр сентябрдагы акыркы өзөктүк сыноодон кийин жарым-жартылай бузулуп, колдонууга жараксыз болуп калган.

Түштүк Корея жана АКШ менен дипломатиялык карым-катыштын алкагында өзөктүк сыноо полигонун бузууга даярданып жатканын Түндүк Корея эки жумадай мурун билдирген.

Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 12-июнда Сингапурда болоору жарыяланган жолугушуусу өтөрүнөн күмөн саноолор акыркы күндөрү Вашингтондон да, Пхеньяндан да айтылды.

АКШ алдыдагы болжолдуу саммиттин эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG