Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Калың кардан улам Ысык-Көлдө да 100дөн ашык кой кырылды


Ысык-Көлдө кырылган койлор. 24-май, 2018-жыл.
Ысык-Көлдө кырылган койлор. 24-май, 2018-жыл.

24-май күнкү калың жааган кардын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда эки короо кой кырылды. Баштапкы маалыматтарга караганда, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жайлоосунда бир чабандын 60 коюу жана Ачык-Таш (Чок-Тал жайлоосу эмес) жайлоосунда бир чабандын 50 коюу өлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Чырпыкты айылынан Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол жабылып калган. Учурда жолду тазалоого айыл аймагы тарабынан техника тартуу жагы каралууда.

Чырпыкты жайлоосунда үч үй-бүлө отурукташкан, алардын болжол менен 1500дөй кою бар. Алардын өздөрүнүн жана мал-жанынын абалы боюнча маалыматтар тактала элек.

Буга чейин ушул эле Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш жайлоосунда 112 кой, бир уй өлгөнү кабарланган. Кечээ ошондой эле калың жааган кардан Нарын облусунун Ат-Башы районунун Аксай жайлоосундагы Үч-Эмчек тилкесинде 200 кой кырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG