Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

“Акылтай” футбол командасы Барселонадагы мелдешке катышат


"Акылтай" футбол командасынын 11 жашка чейинки оюнчулары (2007-жыл).
"Акылтай" футбол командасынын 11 жашка чейинки оюнчулары (2007-жыл).

Кыргызстандын “Акылтай” футбол командасынын оюнчулары Испанияда өтө турган "Barcelona football festival" аттуу өспүрүмдөрдүн эл аралык футбол мелдешине катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” команданын машыктыруучусу Мирлан Жумабаев билдирди. Анын айтымында, турнир 26-27-май күндөрү Испаниянын Барселона шаарында өтөт. Ага 30дан ашык өлкөдөн 100гө жакын команда катышат.

Оюндар жети куракта: 2003-жылдан 2009-жылга чейинки жылдары төрөлгөн оюнчулардан түзүлгөн командалар арасында, өз-өзүнчө өтөт.

- Былтыркы декабрь айынан бери Интернет аркылуу фестивалдын уюштуруучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Натыйжада “Акылтай” командасынан эки курактагы командага катышууга уруксат беришти. Тактап айтканда мелдешке “Акылтайдын” 13 жаштагы жана 11 жаштагы оюнчуларынан куралган эки командасынан 26 оюнчу катышат. Бүгүн Барселонага жол тартабыз. Чүчүкулак кармоонун жыйынтыгында “Бишкек Акылтай 2007” командасы С тайпасында Англиянын “Bracknell Town”, Франциянын “AS ST Cyr sur Mer”, “FC Gerland”, Испаниянын “FCB “Escola командалары менен таймашат. Ал эми “Бишкек Акылтай 2005” командасы В тайпасында Англиянын “PDSA”, Швециянын “IF Väster 1”, Шотландиянын “Giffnock SC”, Франциянын “FC Saint Leu 95” командалары менен ойнойт, - деди Жумабаев.

Бул турнирди Испаниянын футбол федерациясы менен Барселона футболдук клубу бир нече жылдан бери чогуу уюштурат.

“Акылтай” футбол командасы кыргыз тилинде билим берген жеке менчик башталгыч (6-класска чейин) мектептин базасында төрт жыл мурда түзүлгөн. Команданын оюнчулары - бир нече эл аралык мелдештердин катышуучусу. (ECh).

XS
SM
MD
LG