Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен боло турган саммитин токтотту


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.

АКШ президентинин Түндүк Корея лидерине жазган катын бүгүн Ак үй таратты.

Анда Трамп Түндүк Кореянын акыркы билдирүүлөрүндөгү “эбегейсиз кыжырдануудан жана ачык кастыктан” улам узактан бери күтүлгөн жолугушууну азыркы тушта өткөрүүнү орунсуз деп тапканын белгилеген.

Эгер Ким Чен Ын көз карашын өзгөртүп, жолугушуунун жаңы убактысын аныктагысы келсе, ага “телефон чалып же кат жаза аларын” кошумчалаган.

Ал Түндүк кореялыктар өзөктүк кубаты жөнүндө айтып жатканына, АКШнын өзөктүк мүмкүнчүлгү андан “кыйла чоң жана күчтүү” экенине, “бирок алар эч убакта колдонулбайт деп Кудайдан тилерине” да токтолгон.

Ким Чен Ын америкалыктарды барымтадан бошотконуна ыраазылык да билдирген Трамп катында “дүйнө жана өзгөчө Түндүк Корея узактан бери күтүлгөн тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө өтүү мүмкүнчүлүгүн койо берди. Жоголгон бул мүмкүнчүлүк тарыхтагы чыныгы өкүнүчтүү учур" деп да жазат.

АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин саммити буга чейин 12-июнда Сингапурда өтөрү айтылган.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун бүгүн Сенат комитетинде билдиргенине караганда, Пхеньян АКШ тараптын саммиттин логистикалык жагын талкуулоо боюнча утур-утур жолдонгон өтүнүчтөрүнө жооп берген эмес. Ушул жагдай да саммитти токтотуунун кошумча себеби болду.

Вашингтондун соңку жарыясына карата Түндүк Корея реакциясын билдире элек. (UE)

XS
SM
MD
LG