Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

МАГАТЭ: Иран өзөктүк келишимди сактоодо


МАГАТЭ уюмунун Венадагы баш кеңсеси.
МАГАТЭ уюмунун Венадагы баш кеңсеси.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин 24-майда билдиргенине караганда, Иран өзөктүк программасын АКШ 2015-жылкы көп тараптуу өзөктүк келишимден чыгып кеткенине карабай, ошол документте каралган чектөөлөрдүн алкагында кармоодо.

Бул МАГАТЭнин президент Дональд Трамп быйыл 8-майда АКШ 2015-жылкы келишимден чыкканын жарыялагандан берки биринчи баяндамасы болду.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик белгилегендей, Иран уранды байытуу дэңгээлинин жана байытылган уран корунун көлөмү боюнча келишимде каралган шарттарды сактап жатат.

Маселен, байытылган уран корунун көлөмү келишимде каралган 300 киллограммдык чектен ашкан жок.

Бирок МАГАТЭ Иранды алардын келишим боюнча кошумча протоколуна ылайык “кошумча мүмкүндүк” деп аталган инспекцияларга бут тосуп жатканы үчүн зекиген.

АКШ президенти 2015-жылкы келишимден чыгуу чечимин Иран бийлиги баллистикалык ракеталарын сынап, террористтик ишмердикти каржылап, ал макулдашуунун маңызын бузганы менен түшүндүргөн.

Тегеран Вашингтондун чечимин айыптаса, Европа өлкөлөрү келишимди сактап калууга аракеттенерин билдиришкен.

2015-жылкы келишимде Иран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, ага каршы эл аралык санкциялар жоюлгандан кийин Тегерандын Европа жана Азия менен бизнес алкалары жанданган.

Келишимге 2015 -жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия жана Иран кол койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG