Билим берүү жана илим министринин буйругуна ылайык, бүгүн 25-майда Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу жыйынтыкталып, “Акыркы коңгуроо” салтанаттары өтөт.
Буга байланыштуу министрлик директорлорго мектепте жана башка көңүл ачуучу жайларда иш-чара өткөрүш үчүн акча чогултууга тыюу салды. Мугалимдерге окуучулардан белек алууга да уруксат берилген жок.
"Мектептердеги салтанаттуу иш-чараларда салют же башка атылуучу каражаттар колдонулбасын" деген талап коюлган.
Адатта бүтүрүү салтанаттары Ош жана Баткенде автоунаалардын кортеждери менен коштолот. Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин бул аймактардагы башкармалыктары "Акыркы коңгуроону" майрамдоодо кортежге тыюу салды. Алар тартип бузууга жол бербеш үчүн 25-май күнү кымбат баалуу автоунаалардын салондоруна (анын ичинде лимузиндерге) текшерүү жүргүзүлөрүн кабарлаган. Милиция бөлүмү бүтүрүүчүлөр аралашкан ар бир тартип бузуу, мыйзамсыз иш-аракеттер аудио жана видео тасмага алынаарын билдирүүдө. (ErN)