Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Ысык-Көлдө кырылган койдун саны миңден ашты


Кардын астында калган койлорду чогултуп жүргөн адамдар. Ысык-Көл району.
Кардын астында калган койлорду чогултуп жүргөн адамдар. Ысык-Көл району.

23-24-май күндөрү калың жааган кардын кесепетинен улам Ысык-Көл районунда кырылган койдун саны миңден ашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

- Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө 38 баш уй, тогуз жылкы, 370 баш кой кардын астында калган. Тамчы айыл өкмөтүндө 400 кой, төрт уй, беш жылкы өлгөн. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө болсо 244 баш кой, эки баш жылкы, үч баш кулун кардын астында калган. Ошондо бардыгы 1014 баш кой, 42 баш уй, 19 баш жылкы өлгөн, - деди район жетекчиси.

Акимдин маалыматына караганда, кырылган малдын саны мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн. Анткени бул көрсөткүчтөр жогорудагы үч айыл өкмөттүн гана баштапкы маалыматы. Бүгүн калган аймактарда да тактоо иштери улантылат.

Иманалиев кошумчалагандай, малчыларга жергиликтүү бийлик менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук башкармалыгы ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. Тамчы айыл өкмөтүнөн үч үй-бүлө малы менен мобилизация болгон. Калган чабандарга тамак-аш жана чөп-чар жеткирилип, жолдорун тазалоо аракеттери жүрүп жатат.

Соңку эки күнкү калың кардын кесепетинен Нарын облусунун Ат-Башы районунда кеминде 200 кой кырылганы кабарланган. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG