Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Нарын облусунун 42 айылына таза суу тартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун 42 айылына таза суу киргизүүгө даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Лу Шин өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен болгон жолугушууда билдирди.

Лу Шиндин айтымында, Кыргызстандын өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде өлкө боюнча таза сууга муктаж айылдардын тизмеси бекитилип, долбоор ишке киргени турат.

Облус башчы жергиликтүү бийлик бардык жардамын берерин айтып, долбоор мерчемделген убакта, 2023-жылга чейин бүткөрүлөрүн айтты.

Нарын облусунда 135 айыл, андан тышкары айыл макамын ала элек 10 участок бар. Аларда да таза суу маселеси кабыргасынан коюлуп турат. (MiK\ErN)

XS
SM
MD
LG