Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:33

Путин менен Макрон Украина жана Иран маселелерин талкуулашты


Эммануэл Макрон менен Владимир Путин Санкт-Петербургдагы жолугушууда.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен орус лидери Владимир Путин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун алкагында жолугушту. Анда алар кибер кылмыштуулук жана Украинанын түштүк-чыгышындагы чатакты жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин аткарылышын талкуулашты.

Президенттер кездешүүдө ошондой эле Орусияда соттолгон режиссерлор украиналык Олег Сенцов менен орусиялык Кирилл Серебренниковдун маселеси тууралуу да сөз кылышты.

- Биз сүйлөөшүүбүздө адам укуктары темасын кеп кылдык. Анын ичинде Сенцов, Серебренников жана башка көптөгөн маселелер каралды. Мен Путинге бул эки маселе биздин өлкөдөгү интеллектуалдык элитаны кыжаалат кылып жатканын айттым, -деди жолугушуудан кийинки брифингде Макрон.

Владимир Путин француз журналистинин суроосуна жооп берип жатып Орусияда 20 жылга кесилген украин режиссеру Олег Сенцов “теракт уюштурууга айыпталып камалганын” айтты. Ал ошондой эле Украинада камалган орусиялык Кирилл Вышинский жөнүндө да эске салды.

Үч сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда АКШнын Иран менен өзөктүк курал келишиминен чыгышы да талкууланды. Макрон бул боюнча чырды чечүүгө бардык аймактардагы державалар катышуусу керек экенин белгиледи.

Эки мамлекеттин башчылары кездешүүнүн соңунда маданий мурас жана атомдук энергияны тынчтык максатта колдонуу боюнча макулдашууларга кол коюшту. Макрондун сөзүнө караганда, Москва менен Париж эл аралык мамилелерге көп тараптуу көңүл бурууну сактап калышы керек. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG