Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Кыргызстанда 60 миңдей окуучу 11-классты бүтүрүп жатат


Бишкек шаарындагы №68 мектеп. 25-май, 2018-жыл.
Бишкек шаарындагы №68 мектеп. 25-май, 2018-жыл.

Кыргызстанда быйыл 59 463 окуучу мектептин 11-классын бүтүрүп жатат. Ал эми 9-классты 93 874 бала аяктоодо. Бул тууралуу "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн өлкөнүн мектептеринде "Акыркы коңгуроо" салтанаты өтүп жатат. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги мектепте жана башка көңүл ачуучу жайларда коштошуу кечелерин өткөрүш үчүн акча чогултууга тыюу салган. Мугалимдерге окуучулардан белек алууга да уруксат берилген жок.

Мектептердеги салтанаттуу иш-чараларда салют же башка атылуучу каражаттарды колдонбоо талабы коюлган.

Кыргызстанда 2 236 мектеп бар. (SE)

XS
SM
MD
LG