Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Тарых музейин оңдоп-түзөөгө бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйынында финансы министринин орун басары Улугбек Карымшаков кабарлады.

- Өткөн жылы 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренесинен акча каражаты бөлүнгөн. Биринчи баскычында 700 миллион сом каралган болчу. Өкмөттүн чечими Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашылган. Август айында кошумча 869 миллион 400 миң сом суммасындагы каражат бөлүнгөн. Жалпысынан музейди реконструкциялоого, экспонаттарды жана эмеректерди сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569,4 миллион сом сапталган.

Бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Улуттук тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда музейди оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражат маселеси талкууланууда. (KR)

XS
SM
MD
LG