Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйынында айтылган бардык маалымат текшерилерин айтты. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бүгүн Улуттук тарых музейинде аны оңдоп-түзөөгө байланыштуу маселелерди талкуулаш үчүн көчмө жыйын курууда. Жыйын учурунда парламент өкүлдөрү реконструкциялоо иштеринде одоно мыйзам бузуулар болгонун айтып, ага ашыкча каражат сарпталганына жана Түркия тараптын оңдоп-түзөөгө көмөктөшүү сунушунан баш тартканына нааразы болуп чыгышкан.
Жыйын учурунда "Барсбек" деп аталган жыгач инсталляциясынын ар бир жыгачы 600 долларга алынганы, ал эми консультативдик-дизайнерлик кызмат үчүн 394 миң евро сарпталганы белгилүү болду. (BkA/KR)