Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Түндүк Курилде кыргыз мигранттарга акы төлөбөгөн ишканага кылмыш иши козголду


Сахалиндеги мигранттар. Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.
Сахалиндеги мигранттар. Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.

Орусиянын Сахалин облусундагы Түндүк Курил шаарында кыргызстандык мигранттарга үч айдан бери маяна бербеген "СПИРО" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, кылмыш иши Орусиядагы элчиликтин кайрылуусунан кийин козголгон. Териштирүүнү Сахалиндин район аралык тергөө мекемеси жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 45 жумушчуга 633 миң рубль айлык акы төлөнбөгөнү аныкталды. Куруучулар быйыл марттан бери иш акысын алган эмес.

Жергиликтүү бийликтин, депутаттардын жана органдардын кийлигишүүсүнөн соң айрым куруучулар жумушту улантып жатышат. "СПИРО" ишканасынын жетекчилигине жакын арада маянаны толук берүү милдети жүктөлдү.

Түндүк Курилде курулушта иштеген кыргызстандыктар маяна берилбей жатканына нааразы болуп, 19-майда иш ташташкан.

Жагдайды Тышкы иштер министрлиги көзөмөлдөп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча Орусиянын булуң-бурчунда иштеген кыргызстандыктар 650 миңден ашат. Расмий эмес эсепте алар миллиондон көп экени айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG