Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Бишкекте "Европа кыштагы" аттуу маданий иш-чара өтөт


Иллюстрациялык сүрөт. Европа Биримдигинин желеги.
Иллюстрациялык сүрөт. Европа Биримдигинин желеги.

Бишкекте 26-майда "Европа кыштагы" аттуу иш-чара өтөт. Ага Европа чөлкөмүндөгү 11 мамлекеттин маданият кызматкерлери, билим берүү тармагында иштегендер катышат. Кыргызстандыктарга ыр-бийлер тартууланып, Европадагы окуу жайларынын жармаңкеси уюштурулат. Жергиликтүү артисттер да европалыктарга таандык чыгармаларды аткарышат. Аны Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкек мэриясы менен чогуу уюштурууда.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аскар Эркебаев "Азаттыкка" билдиргендей, иш-чарага Австриядан, Бельгиядан, Даниядан, Германиядан, Испаниядан, Латвиядан, Словакиядан, Финляндиядан, Франциядан, Швециядан жана Эстониядан коноктор чакырылды.

"Европа кыштагы" "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында Курманжан-Датка аллеясында саат 12:0дө башталып, кечке чейин уланат.

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Кыргызстанда төрт жылдан бери "Европа кино жумалыгын" да өткөрөт. (SE\SA)

XS
SM
MD
LG