Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишим талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Венада бүгүн Иран жана дүйнөлүк 5 кубаттуу мамлекеттин жогорку даражалуу дипломаттары Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сактап калуунун жолдорун талкуулашмакчы. Майдын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу макулдашуудан чыгаарын жана Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирерин жарыялаган. Ирандын жетекчилери документке кол койгон башка өлкөлөр – Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай келишимде каралган милдеттенмелерин аткарып, Ирандын ишкерлик жүргүзүшүнө кепилдик беришсе, алар да документтин жоболорун сакташаарын билдиришкен. Өткөн аптада Евробиримдик Иран менен иш алып барган компанияларды АКШнын санкцияларынан мыйзам түрүндө коргой турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG