Кошмо Штаттар 18-майдан тартып Түркмөнстандан пахта жана пахтадан тигилген кийим-кече импорттоого тыюу салды. Маалымат АКШнын Бажы жана Чек ара кызматтарынын сайттарында жарык көрдү. Буга мажбурлап ишке салуу жана жашы жете элек балдардын эмгегин пайдалануу же эмгек кодекстерин бузуу менен өндүрүлгөн товарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган мыйзам негиз болууда.
Маалыматтарга караганда, буга чейин пахта терүүгө балдарды тартууга каршы күрөшкөн “Пахта кампаниясы” аттуу коалиция жана бир катар уюмдар түркмөн пахтасына тыюу салууга үндөп келишкен. Алар түркмөн бийлиги малекекеттик кызматкерлерди мажбурлап пахта терүүгө жөнөтөөрүн жана 10-15 жаштагы балдарды талаа иштерине тартаарын билдиришкен. Бул маселени чагылдырууга аракеттенген журналисттер жана укук коргоочулар болсо кармалып кетет. Карапайым адамдар жумушсуз же маянасыз калуудан коркуп, маселени айтышпайт.
Буга чейин түркмөн пахтасын колдонуудан H&M, IKEA, "Inditex" деген компаниялар баш тартышкан.