Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

АКШ малайзиялык "Боинг" боюнча иликтөөчүлөрдүн тыянагына ишенет


"Бук" ракетасынын бөлүгүндөгү сериялык номерлер.
"Бук" ракетасынын бөлүгүндөгү сериялык номерлер.

Кошмо Штаттар Малайзиянын "Боинг" учагын атып түшүрүүнү иликтеген эл аралык топтун корутундусуна ишенет. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсүндө айтылат. Иликтөө тобу 2014-жылы Донбасстын үстүнөн бараткан жүргүнчү учак орусиялык армияга таандык "Бук" ракетасынан атып түшүрүлгөнүн жарыялаган.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө белгиленгендей, комиссиянын бүтүмү АКШ трагедиядан кийин чыгарган тыянакты бышыктайт. Документте "Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан "Боингге" Орусия жана жикчилер көзөмөлдөгөн Чыгыш Украинанын аймагынан "Бук" комплекси аткан ракета тийген" деп айтылат.

"Орусия калп айтканды токтотуп, бул кырсыктагы ролун түшүндүрүшү керек", деди Нойерт. АКШнын тышкы саясий мекемеси БУУнун Коопсуздук кеңеши 298 кишинин өмүрүн алып кеткен трагедия үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылганын да эскертти.

Орусия жана украиналык жикчилдер учакты атып түшүрүүгө тиешеси жоктугун айтып, бир нече версияларын келтиришкен.

XS
SM
MD
LG