Орусиянын Тергөө комитети “Зимняя вишня" соода борборундагы өрткө байланыштуу Кемерово облусунун чукул кырдаалдар мекемесинин жетекчилигине каршы кылмыш ишин козгоду. Кырсык 60 кишинин, анын ичинде 41 баланын өмүрүн кыйган. Жетекчилер шалаакылык кылган жана мамлекеттик акчаны максатсыз пайдаланган деп шек саналууда.
Тергөөнүн материалдарына караганда, облустук мекеменин башчысы Александр Мамонтов жана Кемерово шаарынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Григорий Терентьев борбордо өрт коопсуздугун планга ылайык текшербей коюшкан. Текшерүү 18-мартка чейин өтүшү керек болчу. Өрт болсо бир жумадан кийин тутанган. Андан тышкары Мамонтов 2 миллион рубль акчаны кымырып алган деп шек саналып жатат.
Буга чейин соода борборундагы кырсыкка байланыштуу 8 киши камалган.