Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

"Bellingcat": Малайзиялык учакты атып түшүрүүгө ГРУ офицеринин тиешеси бар


Кыйраган учактын сыныгы.
Кыйраган учактын сыныгы.

Малайзиялык "Боинг" учагын атып түшүргөн "Бук" комплексинин Донбасска алынып келишине болжол менен ГРУнун офицери Олег Иванниковдун тиешеси бар.

Бул тууралуу "Bellingcat" ачык булактар уюму жана орусиялык "Insider" сайты биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө айтылат. Баяндаманын авторлору дал ошол адам "Бук" жөнүндөгү телефон сүйлөшүүсүнө катышкандардын бири болчу деп эсептешет.

Журналисттердин маалыматы боюнча Иванников Украинанын жикчилдердин колунда турган аймагында ыкчам иштерди жүргүзүп келген. Өздөрүн “Луганск элдик жумурияты” (ЛНР) деп атаган чөлкөмдүн ошол кездеги башчысы Игорь Плотниковго түздөн-түз буйрук берип, Орусиядан техниканын жеткирилиши үчүн жооп берчү деп болжолдонууда.

Иликтөөгө камтылган ошол телефон сүйлөшүүсүнө экинчи жагынан чыгыш Украинадагы аскердик аракеттерди Орусиядан башкарып турган киши катышкан.

Мындан тышкары, уюм өкүлдөрү Иванников Сириядагы урушка аскерлерди жөнөткөн “Вагнердин аскердик жеке компаниясын” жетектечү деп эсетешет. Бул маалыматты жакында жалданма аскерлердин бири ырастады.

Иликтөөчүлөр Иванниковго телефон чалышканын, анын үнү "Бук" боюнча телефон сүйлөшүүсүндөгү добушка окшош болуп чыкканын айтышат. Ошол эле маалда алар бул ишти териштиргенде офицердин аты-жөнүн билүүнү максат кылышканын, ал эми анын жүргүнчү учакка сокку уруудагы ролун Эл аралык тергөө тобу аныкташы керек экенин белгилешти.

Орусия "Боингди" жок кылууга тиешеси жок экенин айтып жүрөт.

2014-жылы Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан учак атып түшүрүлгөндө борттогу 298 киши мернт болгон.

XS
SM
MD
LG