Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Бишкекте бүгүн кыргыз журналистикасынын абалы талкууланат


Бишкекте бүгүн кыргыз журналистикасынын абалын талдаган республикалык конференция өтөт. Уюштуруучулар кабарлагандай, “Маалымат согушунан кантип суурулуп чыгуу керек?” деген темадагы талкуу «City Hotel» мейманканасында болот. Анда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өнүгүшү, кесипкөйлүктөгү кыйынчылыктар жана ийгиликтер талдоого алынат. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы да талкууланмакчы.

Жыйындын жүрүшүндө маалымат каражаттарына каршы арыздарды караган комиссиянын мүчөлөрү жаңыдан шайланып, кыргыз журналисттеринин 23 беренеден турган Этикалык кодексине өзгөртүүлөр сунушталат.

Конференцияны “Медиа өнүгүү борбору” коомдук фонду жана Маалымат каражаттарына каршы арыздарды кароо комиссиясы уюштурууда. Жыйынды өткөрүүгө Венеция комиссиясы колдоо көрсөтөт.

Журналисттердин Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды кароо комиссиясы кодекс кабыл алынгандан бери иштейт. Комиссиянын курамында журналисттерден жана өкмөттүк эмес уюм өкүлдөрүнөн турган 13 киши ыктярдуу түрдө иштейт. Төрагасы – юрист Шамарал Майчиев.

Быйыл 25-апрелде баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму жарыялаган жылдык баяндамада Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тизмеде былтыркыдан тогуз тепкичке ылдыйлап, 98-орунга түштү.

Баяндаманын авторлору муну бийликтин басма сөзгө көрсөткөн кысымы жана журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.​ (SE)

XS
SM
MD
LG