Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Иран: Өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз


Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Европа өлкөлөрү жана Кытай менен өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөр уланарын билдирди. Бул тууралуу Аббас Аракчи жума күнү Венада Германия, Франция, Британия, Орусия жана Кытайдын жогорку дипломаттары менен өткөн жолугушуудан кийин айтты.

Алар Иранга санкцияларды жеңилдеткидей кепилдиктерди бере алышабы, ошону карайбыз. Келишимге кол койгон калган өлкөлөр укуктук жана саясий жактан аны колдошорун бекемдеши керек, - деди Аракчи.

Үстүбүздөгү айдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу макулдашуудан чыгарын жана Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирерин жарыялаган.

Ислам жумуриятынын жетекчилери калган кол коюучулар келишимде каралган милдеттенмелерин аткарып, Ирандын бизнес жүргүзүүсүнө кепилдик беришсе, алар да документтин жоболорун сакташаарын билдиришкен. Өткөн аптада Евробиримдик Иран менен иш алып барган компанияларды америкалык санкциялардан мыйзам түрүндө коргой турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG