Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 03:24

Казакстан: Жоолук салынган окуучулар кийинки класска көчүрүлбөйт


Ербол Турганбаев кыздары менен.

Казакстандын Актөбө облусунда жоолук маселесине байланыштуу мектепке киргизилбеген 22 окуучу кийинки класстарга көчпөй турган болду.

22-майда Актөбө облустук соту Шалкар шаарынын жашоочулары Ербол Турганбаев менен Нурбол Сүйүндүковдун доо арызын карап, жоолукчан кыздарды сабакка киргизбеген мектеп жетекчилигинин чечимин "туура" деп тапты.

Актөбө облусунда кыздарын жоолукчан мектепке жөнөтүүнү каалаган жарандар Казакстандын Конституциясына ылайык, балдар шарият шарттары менен кийинүүгө укуктуу деп эсептешет. Мектеп жетекчилиги болсо окуучулар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген буйрук боюнча бирдиктүү форманы сакташы керек деген позицияда турат.

Ербол Турганбаев менен Нурбол Сүйүндүковдун адвокаты эми Жогорку сотко арызданарын билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG