Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

«Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлду


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 19-апрелде кабыл алган. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн билдиргендей, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бүгүн Жээнбеков «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамга да кол койду. Аталган документти да парламент 19-апрелде кабыл алып берген.

Мыйзамдын максаты мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, экономикага чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартууга багытталган.

Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга сынактын негизинде жана түз өткөрүп берүү ыкмасын колдонуу да сунушталган. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүнүн тартиби такталган. Аны алуучу жактарга бир катар талаптар коюлган. Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына караганда, учурда 140 мамлекеттик ишкана бар.

XS
SM
MD
LG