Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

ЖМКнын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын курамы жаңырды


Комиссиянын жаңы курамы
Комиссиянын жаңы курамы

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланды. Ага журналисттерден алты, жарандык коом жана медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн жети киши кирди.

Жаңы курам 26-майда Бишкекте журналисттердин республикалык конференциясында жабык добуш берүү менен отуздай талапкердин арасынан тандалды.

Журналисттерден анын курамына Гүлжан Алтымышбаева, Толкунбек Турдубаев, Жылдыз Бекбаева, Санжар Эралиев, Улукбү Амирова, Элдияр Арыкбаев кошулду. Жарандык коом жана медиа уюмдардан - Нургүл Абдукеримова, Динара Ошурахунова, Шамарал Майчиев, Тамара Валиева, Элима Жапарова, Марс Төлөгөнов жана Клара Сооронкулова шайланышты. Арасында мурунку курамда иштегендер да бар.

Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия мүчөлөрү журналисттердин макала-баяндарына нааразы болгон тараптардын арызынын негизинде иштешет. Нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарышат. Кесиптик этика нормалары бузулган болсо, журналистке же басылмага эскертүү берилет. Эреже бузуу аныкталбаса, арыз берген тарапка аны түшүндүрүшөт. Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ эмес, тараптарды сотко жеткирбөө максатында, элдештирүү, этиканы сактоо багытында иш алып барат. Айлык алышпайт.

Аталган комиссия мүчөлөрү үч жыл сайын жаңыдан шайланат. Талапкерлерди жеке жана юридикалык жактар көрсөтөт же өзүн өзү сунуштаса болот.

Буга чейинки комиссия он бештей арызды карап, чечим чыгарган. Даттануулардын көбү саясатчылардан жана өнөр адамдарынан түшөт. Алар түрдүү басылмалардагы макала, баяндарга нааразы болуп, кадыр-баркына шек келтиргенин айтышат.

Мурдагы комиссияга Шамарал Майчиев төрагалык кылган. Жаңы курамдын төрагасы эми аныкталат.

Журналисттердин Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды кароо комиссиясы кодекс кабыл алынгандан бери иштейт.

Кыргыз журналисттери этиканы билеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

XS
SM
MD
LG