Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери жолугушту


Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ын. 27-апрель, 2018-жылдагы жолугушууда.
Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ын. 27-апрель, 2018-жылдагы жолугушууда.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын чек ара зонасында жолугушту.

Reuters эки лидер Түндүк Корея менен АКШнын алдыдагы саммитин талкуулоо максатында кезиккенин билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, тараптардын сүйлөшүүсү эки саатка созулду. Бул эки лидердин экинчи жолку жолугушуусу. Түштүк Корея президенти анын жыйынтыгы тууралуу жекшембиде маалымат берээри күтүлүп жатат.

Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу 12-июнда Сингапурда белгиленген.

24-майда Трамп жолугушуу болбой турганын жарыялаган. Мындай чечимге Түндүк Кореянын соңку билдирүүлөрүн жүйө келтирген. АКШнын Мамлекеттик департаменти акыркы күндөрдө Вашингтондун самитти даярдоо тууралуу бир нече жолку өтүнүчүнө Пхеньян тараптан жооп болбогонун билдирген.

Түндүк Корея болсо сүйлөшүүлөрдүн бир тараптуу жокко чыгарылышына бушайман экенин, Трамптын чечимине карабай диалогду улантууга даярдыгын маалымдаган.

25-майда Трамп кайра 12-июнга белгиленген сүйлөшүүлөр өтүшү мүмкүндүгүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG