"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеевдин Бишкекте кармалганы тууралуу кабар 26-майда тарады. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү кармап, тергөө абагына камалганы кабарланууда.
Аталган кызмат бул маалыматты ырастай элек. ИИМ кармаган орган маалымат берээрин билдирди. "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясы да азырынча комментарий берген жок.
Тулекеевдин кармалганын KAZ Minerals компаниялар тобунун байланыш департаменти ырастаганын Казакстандын Tengrinews.kz сайты жазып чыкты. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал "салыкты жаап-жашырган" деп шектелип жатышы мүмкүн.
Ильяс Тулекеев "KAZ Minerals Bozymchak" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүлгөндөн бери жетектеп келатат. KAZ Minerals Bozymchak KAZ Minerals PLC компаниясына кирет. Аталган компания Кыргызстанда 2007-жылы "Казахмыс Голд Кыргызстан" деген аталыш менен иштей баштаган. 2015-жылдын 31-октябрында KAZ Minerals Bozymchak болуп өзгөргөн. Компания "Ала-Бука" районундагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетет. (NT)