Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Бишкекте дары-дармек чыгарган заводдогу өрттүн себеби иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкектеги «Айдан Фарм» жоопкерчилиги чектелген коомунда өрт 26-майдын түнү чыккан.

Өрт өчүрүүчүлөргө саат 23:38де маалымат келип, тилсиз жоо 27-майга оогон түнү 00:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн киши өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Тилсиз жоодон заводдун 100 чарчы метр темир түркүктөрү өрттөнгөн.

Азыр өрттүн себеби жана андан келтирилген чыгым саналып жатат. "Айдан Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому медициналык каражаттарды чыгаруу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG