Испаниянын "Реал Мадрид" футбол тобу 2017-2018-жылдагы Чемпиондор лигасынын финалында Британиянын "Ливерпуль" командасын утуп алды.
Оюндар 26-майда Украинанын баш калаасы Киевде өтүп, 3:1 эсебинде "Реал Мадриддин" пайдасына аяктады.
Муну менен "Реал" үчүнчү жыл катары менен чемпион аталып, рекорд жаратты. Топко жеңишти Карим Бензем менен Гаррет Бейлдин голлдору алып келди. Матч Киевдин Олимп стадионунда өттү.