Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Киевдин борборуна Сенцовду колдогон баннер илинди


Украина, Киев. 25-май, 2018-жыл.
Украина, Киев. 25-май, 2018-жыл.

Украиналык активисттер 26-майда баш калаа Киевдин борборундагы Кино үйүнө Орусияда камакта отурган режиссер Олег Сенцовду бошотуу талабы жазылган баннер илишти. Англис тилиндеги баннер Сенцовдун абалына Киевдеги футбол оюндарына келген чет элдик күйөрмандардын көңүлүн бурдурууга багытталганын активисттер билдиришти.

Бирок Киев шаардык администрациясынын өкүлдөрү баннерди убактылуу алдырып, бир нече убакыттан кийин кайра илгенге уруксат беришкен.

Украиналык режиссер Олег Сенцов жана активист Александр Кольченко 2014-жылдын майында Орусия аннексиялап алган Крымда кармалган. Орусия соту аларды "жарым аралда теракт уюштурууга аракеттенген" деп айыптап, 2015-жылы Сенцовду 20, Кольченкону 10 жылга эркинен ажыраткан. Экөө тең бул айыптарды моюнга алган эмес. Олег Сенцов 14-майда орус абактарынан украиналык бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылып, ачкачылык жарыялаган.

Киевде кечээ футбол боюнча Чемпиондор лигасынын финалы болду. Ага финалга өткөн Англиянын "Ливерпуль", Испаниянын "Реал" командаларынын он миңдеген күйөрмандары келишти. Оюндар "Реалдын" 3 :1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.​

XS
SM
MD
LG