Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Мечиттеги мушташ боюнча сот чечими чыкты


Бишкектеги борбордук мечит. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги борбордук мечит. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрациялык сүрөт.

Мечитте айылдашы менен мушташа кетип, ага бычак сайган 67 жаштагы жергиликтүү тургунга карата Ош облусунун Өзгөн райондук соту чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, сот чечими 2018-жылдын 16-апрелинде чыгарылган. Ага ылайык, айыпталган жаран Кылмыш-жаза кодексининин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту менен "күнөөлүү" деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөнү көрсөткөн. Ошол эле маалда Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде, белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, бир жыл алты ай сынак мөөнөт берилген. Бул мезгилде соттолуучу Өзгөн райондук жазык аткаруу инспекциясына ай сайын келип катталып турушу керек. Жашаган жерин алардын уруксаты жок алмаштырбоого тийиш, туруктуу жашаган жеринен эч кайда кете албайт. Ага түндө көчөдө жүрүүгө, эл топтолгон жерге барууга тыюу салынды.

Ал эми окуянын экинчи катышуучусуна Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү пунктуна ылайык айыбы угузулду. Анын аракети Кылмыш-жаза кодексинин 11-беренеси менен анча оор эмес кылмыштардын катарына киргизилген. Бирок 66-берененин биринчи бөлүгүнө ылайык айыпталуучу жабырлануучу менен өз ара келишип алганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулду.

Окуя быйыл 26-февралда Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы мечитте болгон. Милиция чатак "зекеттен чогулган акчаны жеп койгонсуң" деген дооматтан улам чыкканын билдирген. Аср намазына келген эки киши мушташа кеткени, алардын бири экинчисине бычак шилтеп жибергени айтылган. Соттолуучу мурда имам болуп иштегени да кабарланган.

Ош облустук сотунун маалыматына караганда, айыпталган жаран мурда соттолуп чыккан. Облустук казыят бычакташкандар имам эместигин жана мушташтын зекетке тиешеси жоктугун билдирген.

XS
SM
MD
LG