Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Америкалык астронавт Алан Бин дүйнөдөн кайтты


Алан Бин. Архивдик сүрөт.
Алан Бин. Архивдик сүрөт.

АКШда австронавт Алан Бин 87 жашында көз жумду. Алгач аскердик учкуч болгон Бин Американын космос агенттигинин (NASA) астронавттар отрядына тандалып алынган.

Алан Бин «Аполло-12» миссиясына катышып, 1969-жылы айга конгон төртүнчү киши болуп калган. 1973-жылы ал Skylab орбита станциясында NASA агенттигинин экинчи космос экспедициясын жетектеген. Космосто 70 күн болгон.

1980-жылдарды Бин аталган агенттиктен кетип, космос тууралуу сүрөт тартуу менен алектенген.

XS
SM
MD
LG