Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

“Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу" долбоору ишке ашырылды


“Равза” медресесинин окуучулары.
“Равза” медресесинин окуучулары.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы “Равза” медресесинде билим алган 21 окуучу кызга "тикмечи" деген сертификаттар берилди.

Акысыз кесип үйрөткөн курстар “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” деп аталган долбоордун алкагында ишке ашты. Бул тууралуу аталган долбоордун өкүлдөрү билдиришти.

Долбоорду АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылап, окуучуларды кесипке окуткан шаймандар менен керектүү жабдыктарды 2015-жылы сатып берген.

Айылдагы медреседе араб тилин окуп, куран жаттаган кыздар сабакка түштөн кийин келишет. Түшкө чейин жалпы билим берүүчү мектепте билим алышат.

XS
SM
MD
LG