Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Жузеппе Конти Италия өкмөтүн курай алган жок


Италиянын президенти Сержио Маттарелла.
Италиянын президенти Сержио Маттарелла.

"Беш жылдыз кыймылы" жана "Лига" партиялары өкмөт башчылыкка көрсөткөн профессор Жузеппе Конти өкмөт курамын негиздей албаганы үчүн 23-майда президент Сержио Маттарелладан алган мандатын кайтарып берди. Бул тууралуу Конте өзү жекшембиде кечинде президент менен жолугушуудан кийин билдирди.

Мурдараак маалымат каражаттары буга президенттин Паоло Савонанын талапкерлигине каршы чыкканы себеп болгонун жазышкан. Савонаны коалиция Экономика министрлигине көрсөткөн эле. Башмыйзам боюнча президент коалиция көрсөткөн бардык талапкерлерге макулдугун берүүгө тийиш.

Президент Маттарелла өз билдирүүсүндө Савонанын талапкерлигине каршы чыкканын ырастап, муну өлкөнүн евроаймактагы мүчөлүгү коркунучта калуу ыктымалдыгы менен түшүндүрдү.

28-майда президент экономист Карло Коттарелли менен жолугушуп, ага технократтык өкмөт түзүү сунуш кылганы турат. Бирок мындай кабинет парламенттен колдоо табаары белгисиз. "Лига" партиясынын лидери Маттео Сальвини кырдаалдан мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен гана чыгуу мүмкүн экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG