Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Дональд Трамп Түндүк Кореяга америкалык расмий топ барганын ырастады


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.

Бул тууралуу АКШнын президенти "Твиттердеги" баракчасына жазып, өкүлдөр Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен болчу жолугушууга даярдык көргөнү барганын билдирди. Бул маалыматты мурдараак Мамдепартамент да тастыктаган болчу. Ага ылайык, Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Түштүк Кореяга чектеш Пханмунжом шаарында өтөт.

Трамп "Түндүк Кореянын жогорку мүмкүнчүлүктөрүнө, келечекте экономикалык жана каржылык жактан өнүккөн өлкө болоруна ишенерин" билдирип, "Бул жагынан Ким Чен Ын мени менен макул. Ушундай болот!" деп жазган.

24-майда Ак үй Трамп Түндүк Кореянын лидери менен күтүлүп жаткан саммитин токтотконун, буга расмий Пхеньяндын билдирүүлөрүндөгү "ачык кастык" себеп болгонун жарыялаган. Бирок ишембиде президент Ким Чен Ын менен болжолдошкон убакта жолугушуу болорунан үмүттөнүп жатканын билдирген.

26-майда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайрадан чек ара аймагында жолуккан. Бул кездешүүдөн кийин расмий Сеул Ким 12-июнга белгиленген саммитти өткөрүүгө макул болгонун кабарлаган.

Андан көп өтпөй Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги да Ким Чен Ын "Трамп менен жолугушуу өтүшү керек" деген "бекем эркин" билдиргенин жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG