Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Нарында кулчулукка каршы күрөш боюнча жыйын болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыйында кыргыз өкмөтүнүн кулчулукка каршы күрөшкө багытталган 2017-2020-жылдардагы программасы, аны ишке ашыруунун чаралары тууралуу сөз болот. Ага жарандык коом өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер катышат.

Кулчулукка каршы күрөшкө багытталган иш-чаралар былтыр БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жардамы менен башталган. Быйыл жыйындар өлкөнүн ар бир облусунда жана Ош шаарында 15-майдан 15-июнга чейин өткөрүлүп, Бишкекте жыйынтыкталат.

Кулчулукту тыюу боюнча кыргыз өкмөтү бир катар мамлекеттик программаларды кабыл алган. Анын ичинде кулчулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү да камтылган.

Кыргызстан Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча БУУнун конвенциясын 2003-жылы ратификациялаган.

Расмий маалыматтарда Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар экени айтылып жүрөт. Ага ылайык, өлкөдө бир жылда жарандардын кулчулукка кабылуусу боюнча он чакты кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп экенин же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылаарын белгилешет. Былтыр Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, учурда сыртта Кыргызстандын 750 миңден ашуун жараны иштеп, жашап жүрөт. Анын 616 миңи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда, дагы 30 миңге жакыны Түркияда. Ал эми расмий эмес булактарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен, Орусиядагы мигранттар эле миллиондон аша тургандыгы айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG