Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Оштун төрт көчөсүндө алты күнгө газ токтоду


Ош шаары.
Ош шаары.

Оңдоо иштерине байланыштуу Ош шаарынын Ибраимов, Сүйүнбаев, Алиев, Ленин көчөлөрүндө жаратылыш газы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы кабарлады.

Газ 2-июндан тартып бериле баштайт. Оңдоо иштери "көгүлтүр отунду" үзгүлтүксүз берип туруш үчүн жасалууда.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Натыйжада "Ошгаз" ишканасы да "Газпромго" өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG