Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын жетекчиси камактан бошотулду


Ильяс Тулекеев.
Ильяс Тулекеев.

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев камактан бошотулду. Бул тууралуу ишкананын коомчулук менен байланыш адиси Елена Трегубова “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кармаган Тулекеевдин бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, сот залынан бошоткон. Учурда Ильяс Тулекеев Кыргызстанда экенин Трегубова кошумчалады.

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев 26-майда "Манас" эл аралык аэропортунда кармалып, тергөө абагына камалганы кабарланган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы бул боюнча кенен комментарий бере элек. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал "салыкты жаап-жашырган" деп шектелип жатышы мүмкүн.

Ильяс Тулекеев "KAZ Minerals Bozymchak" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүлгөндөн бери жетектеп келатат. “KAZ Minerals Bozymchak KAZ Minerals PLC” компаниясына кирет. Аталган компания Кыргызстанда 2007-жылы "Казахмыс Голд Кыргызстан" деген аталыш менен иштей баштаган. 2015-жылдын 31-октябрында "KAZ Minerals Bozymchak" болуп өзгөргөн. Компания "Ала-Бука" районундагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетет. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG